Жогорку Кеңеш «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу» мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу»

мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Аны катталган 106 депутаттын 99у колдоп,

жетөө каршы болду. Аталган мыйзам долбоорду өлкө башчынын буйругу менен экспеттик топ түздү.

Автор катары президент көрсөтүлдү.  Ага ылайык, жогорку Кеңештеги 90 депутаттын 35и

бир мандаттуу округдан шайланат. Калган 55и партиялык тизме аркылуу көрсөтүлөт.

Белгилеп кетсек, жаңыланган Конституцияга ылайык, парламент

депутаттарынын саны 120дан 90го кыскарат.