Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушунун долбоору боюнча иштер активдештирилди

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушунун долбоору боюнча иштер активдештирилди. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Абдес Анарбеков билдирди.

 

Анын айтымында, учурга карата кытайлык курулуш корпорациясынын 180ден ашык кызматкери Нарын жана Жалал-Абад облустарында иштеп, техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо боюнча жумуштарды аткарууда.

 

Эске салсак, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча меморандумга Самаркандда өткөн саммитте кол коюлган.