Кыргызстанга быйыл 9 айда чет өлкөлөрдөн 5 миллионго жакын турист келди

Кыргызстанга быйыл 9 айда чет өлкөлөрдөн 5 миллионго жакын турист келди. Маданият министрлигинен билдиришкендей, маалымат Чек ара кызматы тарабынан берилди.

 

Алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келгендердин саны 4 миллион 993 миң дамды түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, бул 2 миллион 700 миңге көп. Ал эми Салык кызматы туристтик ишмердүүлүктөн жана мейманкана, ресторандардан биринчи жарым жылдыкта 388 миллион салык түшкөнүн билдирди.