Ош облусунун Ноокат районунда 200 миллион долларга жер семирткич өндүргөн ишкана курулат.
Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, 100 гектар жерди ээлей турган завод жылына 1 миллион тонна, күнүнө 200 тонна минералдык жер семирткич өндүрөт.
Ишканада 800дөн ашык киши жумуш менен камсыз болот.
Учурда жерди трансформациялоо иштери жүрүүдө.