Бишкектин эки округундагы кайра шайлоого үгүттөө кампаниясы токтотулду. Бүгүн Кыргызстанда жымжырттык күнү. Бул күнү үгүттөө иштерин жүргүзгөндөр мыйзамды бузган катары аныкталып, жарыштан четтетилет.
Жарандар эртең, 27-февралда, шайлоого келип каалаган талапкерине добуш беришет.
Белгилеп кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттыгына Биринчи май округунан 26, Свердлов округунан 25 талапкер ат салышууда.