Кытай Кыргызстандын коопсуздук тармагына колдоо көрсөтөт

Кытай Кыргызстандын коопсуздук тармагына колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу Пекин шаарында президент Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин жолугушуусунда айтылды.

 

Кытай тарап Кыргызстанга коронавируска каршы 5 миллион доза вакцина жана коопсуздук тармагына 50 миллион юань же 670 миллион сомдон ашык кайтарымсыз негизде жардам берүү чечимин кабыл алды.

 

Андан тышкары, эки өлкө ортосунда ар кандай тармактарда кызматташууну кеңейтүү макулдашылды.