Кайра шайлоого үгүт жүргүзүү кампаниясы бүгүн башталды. Боршайком Биринчи май жана Свердлов округдарынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына 53 талапкерди каттады.
Жалпысынан 72 адамдан арыз келип түшкөн, 14ү арызын кайра алса, 5 талапкердин документтери толук берилген эмес. Биринчи май райондук шайлоо округунан 27, Свердлов райондук округдан 26 талапкер катталды.
Кайра шайлоонун өзү 27-февралга белгиленди.