Садыр Жапаров Кытайдан Кыргызстанга кайтып келди

Президент Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасына болгон иш сапары соңуна чыгып, Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Эскерте кетсек, Жапаров Кытайга 3-февралда кеткен. Сапардын алкагында мамлекет башчы Олимпиада оюндарынын ачылыш салтанатына катышып, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолукту.
Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.