БШК парламенттик шайлоого эл аралык байкоочуларды чакыруу процессин баштады

БШК парламенттик шайлоого эл аралык байкоочуларды чакыруу процессин баштады. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин аткаруу комитетине, Шанхай кызматташтык уюмуна, ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросуна, Ислам конференциясына ошондой эле чет мамлекеттердин бир катар шайлоо комиссияларына чакыруу жөнөтүлдү.

 

Эске салсак, Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт.