Джо Байден ант берип АКШнын президенттик кызматына киришти.
Инаугурация кечээ Вашингтондо өттү. Байден Американын 46-президенти болуп,
тарыхта эң кары өлкө башчы аталды. Ал 78 жашта. Эске салсак, 3-ноябрда
АКШда президенттик шайлоо өтүп, жыйынтыгында демократ Джо Байден
шайлоочулардын 306 добушун алып жеңишке жеткен. Ал эми
анын атаандашы Дональд Трамп 232 добушка ээ болгон.