Ташкентте коомдук тартипти көзөмөлдөгөн робот тесттик режимде иштей баштады

Ташкентте коомдук тартипти көзөмөлдөгөн робот тесттик режимде иштей баштады. Төрт дөңгөлөктүү Android GPS системасы жана жаздыруу функциясы бар камералар менен жабдылганын коңшу өлкөнүн Жол кайгуул кызматы кабарлады.

 

Робот мыйзам бузуулардын бардык түрүн, жада калса таштандыны туура эмес жерге ыргыткандарды да жаздырып калат. Алар тууралуу маалыматтар профилактикалык инспектордун планшетине жөнөтүлөт.