Марттын соңуна карата Кыргызстанда депозиттердин көлөмү 465 миллиард 739,9 миллион сомду түздү

Марттын соңуна карата Кыргызстанда депозиттердин көлөмү 465 миллиард 739,9 миллион сомду түздү.

 

Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында жазылган. Эске салсак, буга бир гана депозиттин өзү эле эмес, банк эсебиндеги акчанын көлөмү да кошулат.

 

Кеп юридикалык жана жеке жактар, ошондой эле чет элдиктердин эсеби тууралуу болуп жатат. Бул  рекорддук көрсөткүч болуп саналат, февралдын аягына салыштырмалуу дээрлик 17 миллиард сомго көп.