Кыргызстандын улуттук банкы валюта рыногунан 17 миллион 700 миң доллар сатып алды

Кыргызстандын улуттук банкы валюта рыногунан 17 миллион 700 миң доллар сатып алды. Бул Улуттук банкттын доллар сатып алуу боюнча жыл башынан берки алтынчы интервенциясы.

 

Буга чейин өлкөнүн башкы каржы мекемеси эл аралык валюта рыногунан дээрлик 90 миллион доллар сатып алган. Бүгүнкү күндө америка валютасынын расмий курсу 1 долларга 88 сом 50 тыйынды түзүүдө.