“Кызыл зонада” иштеген медицина кызматкерлерине компенсация төлөнүп баштады

“Кызыл зонада” иштеген медицина кызматкерлерине компенсация төлөнүп баштады. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, август жана сентябрь айлары үчүн саламаттыкты сактоо уюмунун кызматкерлерине компенсация катары 387 миллион сомдон ашык бөлүндү.

 

Белгилеп кетсек, буга чейин каражаттын тартыштыгынан улам, “кызыл зонада” иштеген медицина кызматкерлерине августтан бери компенсация бериле электиги айтылган.