Бишкектин таштанды полигонун калыбына келтирүү боюнча иштер жанданды

 

Бишкектин таштанды полигонун калыбына келтирүү боюнча иштер жанданды. Мэриянын маалыматына ылайык, Европалык кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы сентябрда эстон компаниясы менен келишимди жокко чыгаруу боюнча маалымдама жөнөткөн.

 

Анткени, аткаруучу компания себептерин билдирбестен 1,5 жылга өлкөдөн чыгып кеткен. Көптөгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин ал иштерин улантуу убадасын берди.

 

Жакынкы арада жумуштар кайра жүргүзүлөт. Компания таштанды полигонундагы түтүндү 2 айда толугу менен жок кылышы керек.