Түркия Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина берет

Түркия Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина берет.

Бул тууралуу Өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган

саламаттыкты сактоо министри Адымкадыр Бейшеналиев менен

жолугушуусунда билдирди. Анын айтымында, биздин өлкөгө кайтарымсыз

негизде 150 миң дозада Sinovac препараты жеткирилет. Бирок, анын

так мөөнөтү айтылган жок. Белгилеп кетсек, буга чейин республикада

Sinovac менен эмдөө жүргөн эмес. Бир гана синофарм,

спутник-в, астразенека жана казвак колдонулду.