Жаңы иштелип чыккан коронавирусту дарылоодо колдонула турган 4-протоколго өзгөртүүлөр киргизилди

Жаңы иштелип чыккан коронавирусту дарылоодо колдонула турган 4-протоколго өзгөртүүлөр киргизилди.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдиргендей, алгачкы үч версияда

коронавирусту дарылоого басым жасалган. Ал эми төртүнчү протоколдо пневмония менен ооругандарды

дарылоо жагы эске алынды. Мындан тышкары, жаңы протоколдун респиратордук жардам,

интенсивдүү терапия бөлүктөрүнө өзгөртүүлөр киргизилди. Белгилеп кетсек, өлкөдө коронавирус

пандемиясы катталгандан бери бейтаптарды дарылоо үчүн атайы протокол иштелип чыккан.

Ал вирустун өрчүгөнүнө жараша өзгөртүлүп турат.