Депутаттарды шайлоодо үгүтчүлөрдүн санын кыскартуу сунушталды

Депутаттарды шайлоодо үгүтчүлөрдүн санын кыскартуу сунушталды. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети тиешелүү документти биринчи окууда жактырды.

 

Мыйзамга өзгөртүүгө ылайык, саясий партияларга 5 миңден, бир мандаттуу шайлоо округдан талапкерлерге 100 адамдан ашпаган үгүтчү алууга уруксат берилет. Учурдагы мыйзам боюнча, саясий партиялардын үгүтчүлөрүнүн саны 10 миңден, бир мандаттуу округдан талапкерлердики 500дөн ашпоого тийиш.