Прагада Кыргызстандын ардактуу консулдугу расмий ачылды

Прага шаарында Кыргызстандын Чехиядагы ардактуу консулдугунун ачылышына арналган расмий иш-чара өттү. ТИМден билдиришкендей, ага Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков, Чехия парламентинин депутаттар палатасынын вице-спикери Ян Бартошек, Тышкы иштер министрлигинин, Чехиянын башка мамлекеттик органдарынын расмий өкүлдөрү, Казакстандын, Түркиянын жана Азербайжандын Чехиядагы элчилери, ошондой эле Чехияда жашаган мекендештер катышты.

 

Иш-чарада Кыргызстандын Чехиядагы элчиси Толенды Макеев, ардактуу консул Саадаткан Даминова, Чехиянын Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Тынч океан департаментинин директорунун орун басары Патрик Румлар куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

 

Алар иш-чаранын катышуучуларына эки мамлекеттин ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулгандан баштап кыргыз-чех кызматташтыгынын негизги жетишкендиктери, эки тараптуу мамилелерди мындан ары тереңдетүү боюнча тараптардын макулдашуулары жана биргелешкен иш-чаралары, ошондой эле аталган жагдайда Чехиядагы Ардактуу консулдуктун ролу тууралуу маалымат беришти.