Нарында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Бул тууралуу Сейсмология институту билдирет. Силкинүү кечээ,
кечинде сезилди. Нарын районунун Тегерек, Ак-Талаа районунун
Кадыралы, Шоро айылдарында жана Нарын районунун
Ак-Талаа айылында 3,5 баллга жеткен.
Зилзаладан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.