Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында ички жолдор оңдоп-түзөлүүдө

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында ички жолдор оңдоп-түзөлүүдө.

Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына караганда, учурда беш көчөнүн жолу кайра калыбына келтирилди.

Тилкелер  кеңейтилип, кум, шагыл төшөлүп, асфальт төшөлдү. Эми белгилерди орнотуу жана жол чиймесин чийүү иштери жүрүүдө.

Район борборундагы жолдор мындан 40 жыл мурда курулган, андан бери капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес.