Бишкек-Ош жолунда жылынып алуучу 4 түйүн иштеп жатат

Бишкек-Ош жолунда жылынып алуучу 4 түйүн иштеп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, объектилер Сосновка жана Арал өткөрүү түйүндөрүндө жайгашкан. Түйүндөр кышы бою иштейт.

 

Чукул кырдаалдар жаралса, айдоочулар аларга кайрылып, жылынып алса болот. Ошондой эле, бул жерлерде акысыз ысык тамак жана чай каралган.