Өлкөдө быйыл азык-түлүк баасынын кескин кымбатташы болбойт

Өлкөдө быйыл азык-түлүк баасынын кескин кымбатташы болбойт. Буга Айыл-чарба министри Аскарбек Жаныбеков ишендирүүдө. Анын айтымында, бул жылы буудай, картөшкө жана күн карама 19 пайызга көп айдалды.

 

Азык-түлүк коопсуздугу үчүн өлкөгө 765 миң тонна буудай талап кылынса, быйылкы түшүм 665 миң тоннага жетет деп болжолдонууда, — деди чиновник.

 

Эске салсак, соңку жылдары өлкөдө дан азыктары, өсүмдүк май жана кумшекердин жетишсиздиги катталып, аталган азыктардын баасы кескин көтөрүлгөн.