Кыргызстанда жаңы окуу жылы 1-сентябрда башталышы мүмкүн. Билим берүү министрлиги салттуу окуу мөөнөтүн кайтаруу маселесин карап жатат. Буга ата-энелерден жана мугалимдерден түшкөн арыздар себеп болгон.
Алар эски график боюнча сабактар 1-сентябрда башталып, 25-майда акыркы коңгуроо кагылышын суранышкан. Андан улам комиссия түзүлгөн. Белгилеп кетсек, 2021-2022-окуу жылы 15-сентябрда башталып, 8-июнда аяктаган.
Окуу жылынын башталышын жылдыруу жайкы туристтик сезондун узартылышына салым кошору айтылган.