Эртең Бишкекте футбол боюнча Азия Кубогунун тандоо турунун соңку беттеши өтөт. Эске салсак, Кыргызстан, Тажикстан, Сингапур жана Мьянма курамалары F тобунда ойнойт.
14-июнда кечки саат 9да Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кыргызстандык Ак шумкарлар менен Тажикстан футболчулары кез келет. Эки команда учурда 6 упай менен тайпа ичинде биринчи орунда жайгашууда.