Кыргызстанда Нарын облусунун Ат-Башы районунда логистикалык борбор куруу оюна кайтып жатышат

Кыргызстанда Нарын облусунун Ат-Башы районунда логистикалык борбор куруу оюна кайтып жатышат.

Анын демилгечиси мамлекеттик бажы кызматы. Ведомство курулуш иштерин мамлекеттик – жеке

өнөктөштүктүн алкагында курууну сунуштады. Бул жерде бажы товарларын каттоо, жеткирүү,

сактоо жана башкалар боюнча кызматтар көрсөтүлөт. Объектинин кубаттуулугу суткасына

100гө чейин жук ташуучу унааларды өткөрөт. Эске салсак, былтыр кытайлык инвесторлор

аталган борборду куруу ниетинде болчу. Бирок долбоор жергиликтүү тургундардын

нааразычылыгынан улам ишке ашкан эмес.