Акыркы бир айга жетпеген убакытта Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү 464 миллион куб метрге көбөйдү.
“Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 1-сентябрга карата башкы резервуардагы
суунун көлөмү 14 миллиард 864 миллион куб метрди түздү. Эске салсак, премьер-министр Кубатбек Боронов быйыл
Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аз болгонуна карабай күзгү-кышкы сезондо калк
электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздалат, — деп убада берген.