Кыргызстанда 5 айдын ичинде инфляция дээрлик 5 пайызды түздү.
Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, көрсөткүч быйыл
январь-май аралыгында 2020-жылдын декабрына салыштырмалуу түзүлдү.
Баалар азык-түлүк товарларына жана алкоголсуз суусундуктарга, алкоголдук
ичимдиктерге жана тамеки заттарына 6,5 пайызга, ошондой эле азык-түлүк эмес
товарларга – 3 пайызга жана калкка кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер — 1,1 пайызга
жогорулады. Ошол эле учурда өлкөдө картошка 34, кум шекер жана өсүмдүк
майы 20, тоок жумурткасы 13 жана жашылча-жемиштер 10 пайызга кымбаттады.