Ата-энелердин басымдуусу карантин учурундагы онлайн окутууга нааразы

Ата-энелердин басымдуусу карантин учурундагы онлайн окутууга нааразы. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, карантин учурунда балдардын 82 пайыздан ашыгы аралыктан билим алды.

 

Онлайн-окууга нааразы болгон ата-энелердин үлүшү 78 пайызды түздү. Алар балдар материалды түшүнбөй калганын жүйөө катары келтиришти. Балдардын жарымында сапаттуу интернет байланыш болгон эмес. Калгандары тв-сабактарды көрүүгө үлгүрбөй калган.