Өлкөнүн алгачкы кыргыз тилдүү радиостанциясы “Кыргызстан обондорунда” дүйнөлүк рекорд башталды!

Өлкөнүн алгачкы кыргыз тилдүү радиостанциясы “Кыргызстан обондорунда” дүйнөлүк рекорд башталды!

Ди-джейлер Арсен, Бермет жана Абай мамлекеттик тил күнүнө карата 62 саат бою түз эфир алып барат.

Рекорд  24-сентябрь кечки саат 10до жыйынтыкталат. Эң ири шоу-программанын убактысы гана узак эмес,

активдүү угармандарга бериле турган белектер да эң көп санда. Муну менен катар студияга ар багыттагы

өлкөнүн рекордчулары, белгилүү дарыгерлери, спортчулары, ырчылары, маданият жана мамлекеттик кызматкерлери келишет. Дүйнөлүк рекорддун жүрүшү Кыргызстан Обондорунун инстаграмдагы

баракчасында жана ютуб каналында түз алып көрсөтүлөт