Дүйнөдөгү эң кары эгиздер Япониядан табылды.
Эже-сиңдилер Умено Сумияма жана Коуме Кодама учурда
107 жашта. Алар үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрында жашап жатканына
107 жыл 300 күн деп «Гиннес рекорддор китебине» катталды. Бир туугандар
1913-жылы 5-ноябрда Седо аралында 13 балалуу чоң үй-бүлөдө жарык
дүйнөгө келишкен. Кызыгы, алар балалыгынан бери өз-өзүнчө жашашкан жана
азыр дагы чогуу жашашпайт. Бирок бири-бирин ар дайым колдоп турушарын айтышкан.
Эске салсак, Япония буга чейин улгайган адамдардын саны боюнча дүйнөлүк рекорд койгон.
Учурда анда 65 жаштан жогорку 36 миллион 400 миң адам жашайт.