Бишкек жана Чүй облусундагы 3 миң муктаж үй-бүлөгө жардам көрсөтүлөт.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей,
Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштар ассамблеясы азык-түлүк түрүндө гуманитардык жардам көрсөттү.
Жүк ведомствонун кампасына келип түштү. Жакынкы арада азык-түлүк топтомдору өз даректерине жеткирилет.
Белгилей кетсек, буга чейин коронавирус илдетине байланыштуу карантин учурунда
жабыр тарткан 13 миң үй-бүлөгө азык-түлүк таратылып берилген.