Маданият-Жалал-Абад унаа жолунун курулушу уланууда

Маданият-Жалал-Абад унаа жолунун курулушу уланууда. Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, трассанын 16 чакырымы даяр болду. Жалпысынан, жаңы жолдун узундугу 67 чакырымды түзөт.

 

Андан тышкары, калк жашаган түйүндөрдө 8 көпүрө, 118 ар кандай максаттагы курулуштар, унаа токтотуучу жайлар, тротуарлар жана аялдамалар курулат. Долбоор 2022-жылдын жайында аяктайт деп пландалууда.