Каракол – Эңилчек унаа жолу бүгүн, эртең жабык болот.
Ак-Суу райондук администрациясынан тастыкташкандай, тилкенин 38-112-чакырым
аралыгында кар күрткүсү пайда болду. Кар массасынын бийиктиги 1,5 метрге чейин жетет.
Андан улам, жарандардын коопсуздун камсыздоо максатында 1-апрелге чейин
убактылуу чектөөлөр киргизилди. Жеринде тазалоо иштери тынымсыз аткарылууда