Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен эскертишкендей, 4-5-декабрда күтүлүп жаткан жана
жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун
45-115 чакырым аралыгында кар көчкү түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Андыктан, айдоочулар унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сактап,
зарыл болбосо тоолуу жолдорго сапарга чыгуудан баш тартуу сунушталат.