Ордо калаада ийне жалбырактуу дарактарды отургузуу уланууда.
Мэриядан билдиришкендей, “Бишкек жашыл чарба” ишканасынын кызматкерлери
“Виноградный”, “Березовая роща” скверлерине, 7-апрель, Токомбаев, Малдыбаев
көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө иштерди жүргүзүштү. Жалпысынан аталган
жерлерге 500 түп дарак тигилди. Иштер январдан бери уланууда.