Бишкекте 9 күндүзгү стационар иштеп жатат

Бишкекте 9 күндүзгү стационар иштеп жатат.

Бул тууралуу мэр Азиз Суракматов билдирди. Анын айтымында,

4-июлдан 8-июлга чейин күндүзгү стационарларга 5,5 миң адам

медициналык жардам алууга кайрылды. Бейтаптарга медициналык кеңеш берилип,

муктаждарга тамчылатма инъекция коюлду. Күндүзгү стационарларга эртең мененки

саат 8ден кечки 8ге чейин кайрылса болот. Анда алгачкы медициналык жардам көрсөтүлмөкчү.