Кыргызстанда көмүрдүн баасы ноябрга салыштырмалуу орточо эсеп менен 190 сомго кымбаттады.
Мындай маалыматты статистика комитетинен беришти. Өлкөдө эң кымбат көмүр
Ноокатта – 8 миң 406 сомго бааланууда. Баткенде болсо – 8 миң 68 сомдон сатылып жатат.
Ал эми эң арзан кара отун Балыкчыда – 3 миң 700 жана Нарындык Чаек айылында – 2,5 миң сом.
Белгилеп кетсек, бүгүнкү күндө республика боюнча отун сатуучу 780 туруктуу жана 300 мобилдик түйүн иштеп жатат