Бишкекте коомдук тамактануу жайлары жана соода борборлор күндүз гана иштейт

Бишкекте коомдук тамактануу жайлары жана соода борборлор күндүз гана иштейт. Бул тууралуу мэр Азиз Суракматов жарыялады. Ордо  калаада коронавирус жуктургандар көп аныкталып жаткандыктан, чектөөлөрдү киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Эми кафе, ресторан, коомдук тамактануу жайлары эртең мененки саат 8ден кечки 8ге чейин гана иштейт. Супермаркет, соода борборлору эртең мененки саат 7ден кечки 7ге чейин ачык болот. Ал эми базарлар кечки 5ке чейин иштейт.