Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөөгө 29 миллиард сомго жакын каражат жумшалат

Ушул жылы Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөөгө республикалык

бюджеттен 29 миллиард сомго жакын каражат жумшалат.

Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирет. Маалыматка караганда,

өлкөнүн тышкы карызын төлөөгө 16 миллиард сомдон ашык,

ал эми ички бересесине 12 миллиард сомдон көбүрөөгү жумшалат.

Белгилеп кетсек,  Кыргызстандын учурдагы тышкы карызы 4 миллиард

долларга жакын болсо, ички карызы 722 миллион долларга жетти.