Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина менен 18 жаштан жогорку жарандар гана эмделет

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина менен 18 жаштан жогорку жарандар гана эмделет. Бул тууралуу novosti.kgге Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

 

Андан белгилешкендей, бизде гана эмес, дүйнө боюнча вакцина жаш балдарга жасалбайт. Мындай талап препараттын негиздемесинде көрсөтүлгөн. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда ковидден эмдөө кытайлык жана россиялык препараттар менен жүргүзүлүүдө.