Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын биринчи беттешинде турнир ээси Катар Эквадор курамасына утулуп калды. А тобундагы оюн 2:0 эсебинде жыйынтыкталып, дубль менен Эннер Валенсия өзгөчөлөндү.
Дагы бир голду калыстар тобу оффсайт үчүн жокко чыгарды. Бүгүн кечки саат 7де Англия-Иран, түнкү 10до Сенегал-Нидерланды жана түнкү саат 1де АКШ-Уэль курамаларынын беттеши өтөт.