Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тайпалык этабында Испания голдорду жаадырды

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тайпалык этабында Испания голдорду жаадырды. Коста-Рика менен беттеш 7:0 эсебинде жыйынтыкталды.

 

Голдордун авторлору Дани Альмо, Марко Асенсио, Ферран Торрес, Гави, Карлос Сопер жана Альваро Морато. Учурда Е тайпасындагы турнирдик таблицада Испания 3 упай менен биринчи орунда турат, Японияда дагы 3 упай, ал эми Германия менен Коста-Рикада упай азырынча жок.

 

Дагы бир беттеште Бельгия курамасы Миши Батшуайинин голу менен Канаданы утуп алды.