Мас абалындагы айдоочуларга жаза катаалдайт

Мас абалындагы айдоочуларга жаза катаалдайт.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Азамат Исраиловдун айтымында, тиешелүү мыйзам долбоору иштелип чыкты.

Жаңы документке ылайык, мас абалында унаа айдагандар үч жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат.

Эгерде кийинки үч жылдын ичинде айдоочу бул эрежени дагы бир жолу кайталаса, ага карата административдик камакка алуу колдонулат.

Мас абалында жол кырсыгы катталса, күнөөлүү 10 жылга күбөлүктөн ажыратылат, эгер кырсыктан адамдар жабыркаган болсо, айдоочу кайра эч качан күбөлүк албайт.

Исраилов белгилегендей, бул мыйзам долбоору жактырылып, парламентте каралып жатат.