Бишкектин Манас проспектиси менен Боталиев көчөсүндөгү эс алуу багынын курулушу 70 пайызга аяктап калды. Мэриядан билдиришкендей, учурда анда тротуарлар курулуп, ирригациялык тармак салынууда.
Калган жумуштар дээрлик аягына чыкты. 7 гектардан ашык жерди ээлеген эс алуу багында балдар аянтчасы, веложолчо жана спорт аянттары дагы болот. Долбоордун жалпы баасы 58 миллион сом.