“Менин үйүм 2021-2026” программасынын алкагында арыздарды кабыл алуу убактылуу токтотулду

“Менин үйүм 2021-2026” программасынын алкагында арыздарды кабыл алуу убактылуу токтотулду.

 

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалыматына ылайык, кеп бюджеттик тармактын кызматкерлери үчүн берилген “Жеңилдетилген ипотека” багыты тууралуу болуп жатат.

 

Суроо-талап өтө чоң болгондуктан, өнөктөш банктар катышуучуларды тез арада эле топтоп алды.

 

Кийинки арыз кабыл алуу кампаниясы тууралуу эртелеп жарыяланат. Ал эми “Жеткиликтүү ипотека” багыты боюнча айта турган болсок, ал жарандардын бардык категориясына тиешелүү жана бекитилген чектөөгө ылайык арыздарды кабыл алуу уланууда.