Бишкектиктерге жылуулук бүгүн түндө берилип баштайт

Бишкектиктерге жылуулук бүгүн түндө берилип баштайт. Тиешелүү буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол койду. Ага ылайык, жылуулук түнкү саат 12ден кийин берилет.

 

Алгач мектеп, бала бакча, оорукана, төрөт үйү жана социалдык мекемелердин батареялары жылыйт.

 

Экинчи кезекте турак жайлар, өндүрүш ишканалары жана мекемелер, жылуулукка карызы жок керектөөчүлөр кошулат.