Бишкектин бир бөлүгүндө бүгүн таза суу жок болот.
Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, эртең мененки саат 9дан түнкү 11ге чейин суу Лев Толстой, Матросов, Кулатов, Жукеев-Пудовкин, Жантөшев, Медеров, Байтик Баатыр көчөлөрүн бириктирген бөлүктө өчүрүлөт.
Убактылуу чектөөлөр шаардык суу түтүк тармактарын оңдоо иштерине байланыштуу.