Өмүрбек Бабанов 31-июлга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди

Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун бөгөт чарасын тандады.

Соттун чечими менен саясатчы эки айга, 31-июлга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Эске салсак, мурдагы премьер-министр 31-майда кармалган.

Ошол эле күнү Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров кармалып, эки айга камалган. Мындан сырткары, экс-депутаттар Талант Узакбаев менен Исхак Пирматов дагы эки айга тергөө абагына киргизилди.

Бардыгы тең «Кумтөр» иши боюнча коррупцияга шектелүүдө.