Кыргызстанда ОСАГОну киргизүү мамлекеттик бюджетке 55 миллион сом алып келет

Кыргызстанда ОСАГОну киргизүү мамлекеттик бюджетке 55 миллион сом алып келет. Бул тууралуу Каржы рыногун көзөмөлдөө мамлекеттик кызматтын төрагасы Арзыбек Кожошев билдирди. Анын айтымында, 40 миллион сом салык түрүндө жана 15 миллион сом камсыздандыруу төлөмдөр түрүндө түшөт.

 

Андан тышкары, камсыздандыруу компаниялары ачылып, болжол менен 1 миңге жаңы иш орундары түзүлөт.

 

Белгилеп кетсек, 2021-жылдан баштап милдеттүү камсыздандыруу боюнча милдеттемелерди аткарбаган унаа ээлерин жоопкерчиликке тартуу чаралары күчүнө кирет.